Бишкекте Ала-Тоо аянтын жасалгалоо иштери башталды

20.11.2025 | 11:20

Бишкек шаарынын мэриясы Ала-Тоо аянтын жаңы жылга карата жасалгалоо иштери башталганын билдирди.

Маалыматка ылайык, быйыл жаңы жылдык балаты аянттын түндүк тарабына орнотулат. Жасалгалоодо мурдагы жылдары алынган материалдар колдонулат. Бир гана негизги гирляндалар алмаштырылат, себеби алар акыркы үч жылда алмаштырылган эмес.

Мэрия быйыл балаты үчүн 1 млн сомдун терегериндеги каражатка кубаттуулукту жөнгө салуучу жана энергияны үнөмдөөчү гирляндалар жана жаңы оюнчуктар сатып алынарын билдирди. Алар «Бишкексвет» муниципалдык ишканасы тарабынан шаардык бюджеттин эсебинен сатып алынат. Жарыкты үнөмдөөчү жасалгалар менен кооздолгон балатынын кубаттуулук керектөөсү 53 кВт·саатты түзөт.

Ошондой эле быйыл аянтка 1400 чарчы метрлик муз тебүүчү аянт орнотулат. Эс алуу зонасын жана тамак-аш павильондору уюштурулат.

Мэрия бул жылы да майрамдык жасалгалоого салым кошуп жаткан ишкерлер менен кызматташтыкты улантарын билдирди. Быйыл алардын салымы менен эс алуу зонасынын реквизиттери, жасалгалоо элементтери, домиктер жана декоративдик конструкциялар толугу менен жаңыртылат.

Мындан тышкары шаарда тынчтыкты сактоо боюнча мыйзамдын талаптары жана электр энергиясын үнөмдөө сунуштары эске алынат. Буга байланыштуу эс алуу зонасы, фуд-зона жана массалык иш-чаралар саат 22:00дө ишин жыйынтыктайт.

Scroll to Top