Садыр Жапаров Кытайдын тышкы иштер министрин кабыл алды

Өлкө башчы Садыр Жапаров 19-ноябрда Кытайдын тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алып, эки өлкөнүн ортосундагы саясий диалогду бекемдөө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу талкуулады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Садыр Жапаров кыргыз-кытай мамилелери бүгүнкү күндө тарыхый бийиктикте экенин билдирди. Ал практикалык кызматташтыкка өзгөчө көңүл буруп, атап айтканда темир жана автомобиль жолдорун курууну, жаңы авиакаттамдарды ачууну, ошондой эле көптөгөн тармактарда биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашырууну белгиледи.
Кытайдын тышкы иштер министри Ван И өз кезегинде Садыр Жапаровго Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин жылуу саламын жеткирип, эки мамлекеттин башчыларынын ортосунда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даярдыгын билдирди.
Ал буга чейин Кыргызстанда үч жыл мурда болгонун белгилеп, бул убакыт аралыгында өлкө олуттуу ийгиликтерге жетишкенин айтты. Ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы ар тараптуу өнөктөштүктүн, коңшулаштыктын жана кызматташтыктын деңгээлин жогору баалады.
Ван И Кыргызстанда иштеп жаткан кытайлык компаниялардын өкүлдөрүнө мыйзамдарды так сактоо жана кабыл алуучу өлкөнүн каада-салттарын урматтоо зарылдыгы жеткирилип жатканын белгиледи.