Өздөрүн мамлекеттик кызматкерлер катары көрсөтүп, 5,5 млн сомго алдап кетишкен. Үч шектүү кармалды

20.11.2025 | 12:48

Ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелгендер кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Д.М. аттуу жаран өзүлөрүн вице-мэр жана УКМК кызматкерлери катары тааныштырган белгисиз адамдар тарабынан алданган. Алар жаранды «коопсуз эсепке» 5,5 млн сом которууга ынандырып, андан кийин дайынсыз жоголушкан.

Бул факты боюнча «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгон. 24 жаштагы М.Б., 21 жаштагы А.у.И. жана А.у.Н. аттуу үч шектүү кармалып, СИЗОго киргизилди. Тергөө иштери уланууда.

Scroll to Top