2025–2030-жылдарга «Саламат жүрөк» улуттук программасы бекитилди

Өлкө башчы Садыр Жапаров 2025–2030-жылдарга карата «Саламат жүрөк» улуттук программасын бекитүү тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Кыргызстанда жүрөк-кан тамыр оорулары калктын өлүмүнүн башкы себеби болуп саналат. Улуттук статистика комитетинин маалыматында, 2023-жылы өлүмдүн бардык учурларынын жарымынан көбү, башкача айтканда, 52,3%ы жүрөк-кан тамыр ооруларынын себебинен болгон.
Программанын негизги максаты Кыргызстанда жүрөк-кан тамыр ооруларынан жана жугуштуу эмес ооруларда мезгилсиз өлүмдү 25%га азайтуу болуп саналат.
“Калктын бардык категориялары үчүн медициналык жардамды алуунун бирдей мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган алдын алуунун, эрте аныктоонун, дарылоонун жана реабилитациялоонун туруктуу, интеграцияланган, санариптик жана бейтапка багытталган системасын түзүү аркылуу максатка жетүү пландалууда”.- деп айтылат маалыматта.