Түлеев: «Долбоор өзгөргөн жок, жолду тарыткан жокпуз, тескерисинче кеңейттик»
Бишкектеги Чүй проспектинин боюнда курулуп жаткан Old Bishkek комплекси боюнча талаштар уланууда. Соцтармактардын колдонуучулары долбоор өзгөртүлгөнүн жана жол тарыганын жазышууда. Долбоор жетекчиси Нариман Түлеев «Кабар» агенттигине берген комментарийинде бул маалыматтар чындыкка дал келбей турганын билдирди.
Анын айтымында, долбоор шаардык кеңеш тарабынан кандай бекитилген болсо, дал ошол бойдон ишке ашырылууда. Ал имараттын сырткы көрүнүшү, башкача айтканда, толкун формасындагы үч кабаттуу конструкция өзгөрбөгөнүн, объекттин арт жагындагы эски зер буюмдар сатылуучу павильондор шаардын келбетин бузуп келгендигине байланыштуу жабылганын айтты.
Түлеев жолдун тарыганы тууралуу маалыматтарды да четке какты. Тескерисинче, жол кеңейгенин белгиледи:
- мурдагы 15 метр 16 метрге чейин кеңейтилип,
- төрт тилкелүү жол алты тилкеге айланган,
- автобустар токтой турган жерлер жасалган,
- 300дөн ашык унаага ылайыкташкан жер алдындагы унаа токтотуучу жай курулууда.
Имараттын маңдайкы бетине коноктор шаарды толук көрө алгыдай көзөмөл мунарасы да орнотулат.
Түлеев шаар тургундарын сабырдуу болууга чакырып, долбоорду эки ай ичинде бүтүрө турганын айтты.
«Эгер “жаман болуптур” дешсе, кайра оңдоп берем. Бирок борбордо заманбап, көрктүү мейкиндик пайда болушун каалайм. Бул жер Кыргызстандын Монте-Карлосуна айланат», — деди ал.