Согуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштарБишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алдыБишкекте ЖАМКтын подполковниги бассейнге чөгүп бараткан кызды сактап калды — чоо-жайыКыргызстандык спортчу Венгриядагы дзюдо турниринде биринчи орунду жеңип алдыЧуңкурчакта түлкүнү аткан жарандарга айып пул салындыБишкекте жол тандабас жөө өтмөктөн 25 жаштагы жаранды сүзүп кетип, ал каза тапты
Айпери Медет кызы Ислам шериктештиги оюндарында алтын тагынды
21.11.2025 | 11:19

Кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы VI Ислам шериктештиги оюндарында алтын жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
76 кг салмак категориясында күрөшкөн балбан кыз алгачкы беттештеринде казакстандык Эльмира Сыздыкованы 10:0, түрк балбаны Эльмира Ясминди 5:0 эсеби менен жеңген.
Ал эми финалдык беттеште нигериялык Дамола Ожону 11:1 эсеби менен утуп, VI Ислам шериктештиги оюндарында жеңүүчү болду.
Эске салсак, бул оюндарда дагы бир балбан кыз Мээрим Жуманазарова да алтын жеңди. Шериктештик оюндары азыркы тапта Сауд Арабиясында өтүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт