Баткен облусунда ата-энесинен ажыраган 13 бала жер тилкесин алдыУКМК бажы кызматкерин кармады: жарык берүүчү мамылар металл сыныгы катары катталганКыргызстанда көмүрдүн баасын кармап туруу үчүн дизелдик күйүүчү май ташууну субсидиялоо сунушталуудаКыргызстанда балдар мекемелеринин жанында кооптуу товарларды саткандарга 65 миң сомго чейин айып пул салуу сунушталуудаКыргызстанда исламдык автокамсыздандырууну кадимки ОСАГОго теңөө сунушталуудаСоттук-медициналык экспертиза борборунун директору тил маселеси боюнча кырдаалга комментарий берди
Айпери Медет кызы Ислам шериктештиги оюндарында алтын тагынды
21.11.2025 | 11:19

Кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы VI Ислам шериктештиги оюндарында алтын жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
76 кг салмак категориясында күрөшкөн балбан кыз алгачкы беттештеринде казакстандык Эльмира Сыздыкованы 10:0, түрк балбаны Эльмира Ясминди 5:0 эсеби менен жеңген.
Ал эми финалдык беттеште нигериялык Дамола Ожону 11:1 эсеби менен утуп, VI Ислам шериктештиги оюндарында жеңүүчү болду.
Эске салсак, бул оюндарда дагы бир балбан кыз Мээрим Жуманазарова да алтын жеңди. Шериктештик оюндары азыркы тапта Сауд Арабиясында өтүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт