Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жана саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кызматтарынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин аппаратынан кабарлашты.
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-апрелде кол койгон Жарлыкка ылайык, вице-премьер-министр кызматынан Өмүрбекова Алтынай Сейитбековна жана саламаттык сактоо министри кызматынан Чолпонбаев Космосбек Сариевич бошотулду.