Чүйдө курулуш компаниясынын жетекчиси алдамчылыкка шектелип кармалды

Чүй облусунда мамлекеттик сатып алууларда шылуундук кылган деп шектелип, «Восток Энерго Строй» курулуш компаниясынын директору кармалды.
Чүй облустук милициясынын маалыматында, 2022-жылдын 15-декабрында аталган курулуш компаниясынын директору И.А. Кеминдеги Ударник айылына лотокторду куруу боюнча Кызыл-Октябрь айыл өкмөтү менен келишим түзгөн. Келишимдин суммасы 3 млн 772 миң 895 сомду түзгөн. Бирок бүгүнкү күнгө чейин жумуштар бүтпөй, лотоктор пайдаланууга берилген эмес.
Эсеп палатасы жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгында подрядчы тарабынан аткарылган иштердин баасын жогорулатылганы жана башка мыйзам бузуулар аныкталган. Мамлекетке келтирилген жалпы зыян 819 миң 580 сомду түзгөн.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгон.
20-ноябрда аталган курулуш компаниясынын жетекчиси И.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө иштери улантылууда.