Массалык башаламандыкка чакырык. Сот кармалган саясатчыларга бөгөт чарасын тандады23-ноябрь: Жаан-чачын күтүлбөйтКурал, бангизат, $150 миң. ИИМ кармалган саясатчылар жана даярдалып жаткан төңкөрүш тууралууМассалык башаламандыктарга чакырыктар — сурактан кийин камалгандардын жана үйүнө кеткендердин тизмесиАдахан Мадумаровду уул-келини менен кошо суракка алып кетиштиЖурналист Ложниковдун мурдагы жубайы УКМКга чакырылды
Темирлан Султанбеков массалык башаламандыктарга чакырууга шектелип кармалды
22.11.2025 | 11:31

«Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбеков массалык башаламандыкка чакырган деп шектелип кармалды. Бул тууралуу ИИМ билдирди.
ИИМдин кызматкерлерине Султанбеков массалык башаламандыктар аркылуу бийликти алмаштырууга чакырык жасап жаткандыгы тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Массалык башаламандыктар» беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Келип түшкөн маалыматтын негизинде процессуалдык иш-чаралар уюштурулуп, Темирлан Султанбековдун жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлгөн. Андан кийин ал ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилген. Тергөө уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар