Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда COVID-19 коронавирусун жуктуруп алган аял жана эркек илдетен айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу коронавируска каршы туруу боюнча штабдын басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин Сузак районунда 3 адам коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылган.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда коронавирустан 5 адам айыкты.