Кыргызстан менен Өзбекстан Кытайга багытталган темир жол долбоорун илгерилетүүдөКыргызстандын сегиз ишканасына Кытайга продукция экспорттоого уруксат берилдиКазакстанда жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча референдумдун күнү белгилендиКыргызстандын ШКУдагы төрагалыгы: артыкчылыктар жана негизги чакырыктар“Өзүм ушундай чечим кабыл алдым”. Нурланбек Тургунбек уулу Жогорку Кеңештин төрагалыгынан кетерин жарыяладыАшууларда кар жаап, чектөөлөр күчүндө
Бир жылда эки жолу автоээнбаштык кылган жаранга 6 айга унаа айдоого тыюу салынат
28.11.2025 | 11:57
Жыл бери Кыргызстанда 1 миң 360 автоээнбаштык фактысы катталды. Бул тууралуу ИИМдин ЖКККББнын басма сөз кызматы маалымдады. Бул айдоочулардын баарына протоколдор түзүлүп, автоунаалары айып аянтчасына токтотулган.
ЖКККББнын маалыматында, автоээнбаштык үчүн көбүнчө жаш айдоочулар жоопко тартылууда. Ошондуктан укук коргоо кызматкерлери ата-энелерге эскертүү берип, балдарына унааны бербөөнү же аларга кылдат көз салууну суранышат.
Мындан сырткары, эгер айдоочуга бир жыл ичинде эки жолу автоээнбаштык боюнча протокол түзүлсө, анда ал алты айга унааны айдоо укугунан убактылуу ажыратылат.