КРда ыдык көрсөткөндөргө айып, камак жана абак жазасы сунушталдыБишкектин көчөсүндө кызды курал менен коркуткан шектүү кармалдыБишкектеги Г. Айтиев атындагы музейде арт-терапия өтөтКыргызстанда учактарды тейлөөгө карата талаптарды күчөтүү пландалуудаКурулушту кечиктирген ишканаларга жаңы объектилерди курууга уруксат берилбейтБишкекте кыймылсыз мүлк сатып алуучулар үчүн OSK Forum 2026 форуму өтөт
Бир жылда эки жолу автоээнбаштык кылган жаранга 6 айга унаа айдоого тыюу салынат
28.11.2025 | 11:57
Жыл бери Кыргызстанда 1 миң 360 автоээнбаштык фактысы катталды. Бул тууралуу ИИМдин ЖКККББнын басма сөз кызматы маалымдады. Бул айдоочулардын баарына протоколдор түзүлүп, автоунаалары айып аянтчасына токтотулган.
ЖКККББнын маалыматында, автоээнбаштык үчүн көбүнчө жаш айдоочулар жоопко тартылууда. Ошондуктан укук коргоо кызматкерлери ата-энелерге эскертүү берип, балдарына унааны бербөөнү же аларга кылдат көз салууну суранышат.
Мындан сырткары, эгер айдоочуга бир жыл ичинде эки жолу автоээнбаштык боюнча протокол түзүлсө, анда ал алты айга унааны айдоо укугунан убактылуу ажыратылат.