«Манас» аркылуу өтүүчү жол: Бишкек мэриясы талашка түшкөн трасса кайсы жерден өтөрүн көрсөттү«Манас-Ордо» комплексин мастабдуу түрдө жаңылоо иши уланууда. Учурда кайсы иштер жасалдыСокулукта жаранды травматикалык тапанча менен атып, жарадар кылган шектүү кармалдыКР автожолдорунда «Автоураган» иштей баштады — алар кайда орнотулган жана эмнелерди каттайтДастан Бекешев депутаттарга эмне үчүн малды башка бирөөнүн талаасына коё бербеш керектигин түшүндүрдү16-апрелде Бишкектин четиндеги бир катар конуштарда ичүүчү суу өчүрүлөт
Кыйкырып, башка урган. Ошто аял кызга кол көтөрүп, жоолугун жулуп алды
28.11.2025 | 13:01
Социалдык тармактарда бир аял кызды жоолук салынганы үчүн урушуп, кемсинтип, кыргызча сүйлөөнү талап кылган видео тарады. Кадрларда автобуста отурган аял эшик тарапта турган кызга кыйкырып жатканын көрүүгө болот.
Бир аз убакыттан кийин ал ордунан туруп, кызга жакындап, аны түртүп, башына уруп, жоолугун жулуп алган. ИИМдеги өздүк булактар Reporter.kgге маалымдагандай, окуя Ош шаарында болгон.
Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматында билдиришкендей, учурда жетекчилик окуянын бардык жагдайларын тактоону жана ага катышкан эки тараптын өздүгүн аныктоону тапшырды. Андан кийин алардын кыймыл-аракетине юридикалык баа берилет.