Өткөн жумада Кыргызстанда 20 миңден ашуун жол эрежесин бузуу аныкталды
Алдын ала маалыматтарга ылайык, өткөн жумада Кыргызстанда 20 миң 344 жол кыймылынын эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 24–30-ноябрь күндөрү өлкө боюнча төмөнкү мыйзам бузуу фактылары катталган:
— 1 804 айдоочуга документсиз унаа башкарганы үчүн протокол түзүлгөн;
— 348 айдоочу мас абалында рулга отургуну үчүн кармалган;
— 168 протокол автоунаанын мыйзамсыз карайтылган терезелери үчүн түзүлгөн;
— 785 айдоочу жөө жүргөндөрдүн катышуусундагы жол эрежесин бузганы үчүн айыпка жыгылган;
— 2 824 айдоочу транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузганы үчүн айыпталган;
— 17 протокол автохулигандык үчүн түзүлгөн;
— 3 124 протокол ылдамдыкты ашырганы үчүн түзүлгөн;
— 7 айдоочу жасалма мамлекеттик номер тагынган унааларды башкарганы үчүн жазаланган;
— 8 847 протокол жол кыймылынын башка эрежелерин бузуу үчүн түзүлгөн.
Мындан тышкары, өткөн жуманын ичинде 2 420 авто айып токтотмого коюлган.