Бишкектеги Миңжылкыев көчөсү транспорт кыймылы үчүн ачылдыСоода, кызмат көрсөтүү жана ташуу: Кыргызстандагы чакан бизнес эмне менен алектенетКыргызстан ЖККУнун операциясына катышты: 11,4 тонна тыюу салынган зат алындыКыргызстанда чек арадагы радиациялык көзөмөлдү күчөтүү сунушталууда — толугу мененКыргызстандын чакан жана орто бизнеси 1 трлн сом киреше тапты, анын 77%ы Бишкекке туура келетБишкектин башкы планы өзгөртүлдү, бирок так эмне өзгөргөнү белгисиз, деп билдирди Бекешев
Түштүк Кореяда «Семетей» спектакли коюлду
01.12.2025 | 10:58

Түштүк Кореянын Кванджу шаарында «Семетей» спектакли көрсөтүлдү. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, спектакль корея-кыргыз чыгармачылык тобу тарабынан заманбап негизде эки тилде даярдалган.
Спектаклди маданият министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков, Кванджу шаарынын чыгармачылык интеллегенциясы жана театр сүйүүчүлөрү көрүшкөн.
Спектаклден соң Надырбеков Кванджу шаарында билим алып жүргөн студенттери менен пикир алышты.
Аталган спектакль 11-12-декабрь күндөрү Бишкек шаарында коюлат.
Рубрики: Жаңылыктар, Маданият