Бишкекте 6 жашар бала иттерге таланган окуя боюнча кылмыш иши козголдуБишкекте 6 жашар бала иттерге таланып, ооруканага түштүАйыл чарба министрликке кабыл алууга кире албай жатышат — депутатЕАЭБде учкучсуз жүк ташууну жайылтуу пландалуудаТашкент – Ош багытындагы түз авиакаттам ачылды. Мындан ары каттамдар жумасына эки ирет аткарылатДепутат Дастан Бекешев ОРТ баасынын жогорулашын сынга алды
Саламаттык сактоо министри Чечейбаев кызматтан алынды, анын ордуна убактылуу мурдагы УКМК кызматкери дайындалды
01.12.2025 | 18:36
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев кызматынан алынды. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаровдун Аппаратынын басма сөз кызматы кабарлады.
Министрдин милдетин аткаруучу катары Каныбек Досмамбетов дайындалды.

Ал 2021-жылы КР УКМКнын бөлүгүнүн бирин башчысы болуп иштеп келген. Ошол кезде айрым басылмалар Досмамбетов жана анын беш кызматкери казино коргоого катышкан деп жазышкан. Кийинчерээк Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы бул маалыматты жалган деп, Досмамбетов мыйзамсыз иштерге катышкан эмес деп билдирген. Акыркы мезгилде ал Жалал-Абад облусу боюнча УКМКнын башчысы болуп иштеп келген.