Садыр Жапаров COP17 саммитинде Ысык-Көлдү коргоо боюнча трасттык фонд түзүүнү сунуштадыКыргызстанда чет өлкөлүк номерлүү унаалардын кирүү эрежелери өзгөртүлдү — толук маалыматОш шаарында «Сулайман-Тоо» эл аралык кинофестивалы өтөт2027-жылдан тарта Кыргызстанда сотто өкүлчүлүк кылуу үчүн юристтерге окуудан өтүү талабы коюлатКытай Кореядан озуп кетти: Кыргызстанга эми кайсы унаалар көбүрөөк ташылып жатат?Бактыбек Анаркулов Суу ресурстары кызматынын директору болуп дайындалды
Айтматов менен Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде бир эмес эки оңго буруу тилкесин коюуну суранышты
01.12.2025 | 18:04
Бишкекте Ч.Айтматов проспекти менен Токомбаев көчөсүнүн (түштүк магистраль) кесилишинде оңго бурууга багытталган жол тилкелерин экиге көбөйтүүнү суранып жатышат. Бишкектик аял видео тартып, анда Токомбаев көчөсүнүн оң тарабындагы тилкеде узун кезек түзүлгөнү көрүнөт.
Анын айтымында, азыркы учурда бул участокто түз жүрүүгө багытталган эки тилке бар, бирок аны эч ким колдонбойт. Себеби Айтматов проспектисинде турак жай комплексине жана жеке секторго кирүү жолдору жабылган. Натыйжада унаалардын негизги агымы «Коопсуз шаардан» айып салынбаш үчүн агым оң жээк тилкеге өтүшүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом