Бишкекте «Борбордук Азия – Корея» бизнес-форуму өтөт

02.12.2025 | 21:00

Бишкекте 4-5-декабрь күндөрү «Корея жана Борбордук Азиянын экономикалык кызматташтык аянтчасы 2025» аттуу бизнес-форум өтөт. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.

Иш-чарага Кореянын Кыргызстандагы элчиси, Тышкы иштер министрлигинин жана Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү, Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын рынокторуна экспортко багытталган корей компаниялары, дистрибьюторлор, чекене сатуучулар, логистикалык операторлор жана консалтинг компаниялары катышат.

Иш-чаранын максаты – чакан жана орто бизнестердин сатуунун каналдарына чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, жөнгө салуу, сертификация, логистика боюнча маалымат алуу, ошондой эле корей-кыргыз өнөктөштүгүн бекемдөөгө багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүү.

Бул аянтча ата мекендик ишкерлерге корей компаниялары менен жеке сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө, ошондой эле Казакстан жана Өзбекстандын бизнеси менен көп форматтагы жолугушууларды уюштурууга мүмкүнчүлүк берет.

Иш-чара эки күн өтөт:

  • Биринчи күн: 4-декабрда саат 9:30да, Бишкек шаарындагы «Шератон» мейманканасында өтөт.
  • Экинчи күн: 5-декабрда саат 10:00дө «Дордой Плаза» соода борборунун 2-кабатында керектөөчү товарлардын Корея—Борбордук Азия биргелешкен промо-көргөзмөсү өтөт.
Scroll to Top