Өкмөт башчы Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эл аралык күнүнө карата кайрылуу жасады

03.12.2025 | 10:07

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 3-декабрь – Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эл аралык күнүнө карата жарандарга кайрылуу жасады.

Касымалиев жыл сайын бул күнү өзгөчө муктаждыгы бар адамдардын укуктарын жана алардын коомдук турмушка толук кандуу катышуусун камсыз кылууга багытталган иштер белгиленерин жана мындай аракеттер мамлекеттик деңгээлде өзүнчө саясатты, конкреттүү экономикалык, социалдык аракеттерди талап кыларын билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкө боюнча 221 миң майыптыгы бар адам жашайт, алардын ичинен 37 миңден ашыгы балдар.

“Кырдаалды жакшыртуу максатында мамлекет тарабынан материалдык жардам көрсөтүп жөлөк пулдарды берүү менен чектелбестен толук кандуу билим алуу, кесиптик даярдоо, сапаттуу социалдык кызмат көрсөтүүлөр, реабилитация жана абилитация, инфраструктуранын жеткиликтүүлүгү жана эмгек рыногунда кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзүү милдеттери дагы каралууда”,- деп билдирди ал.

Касымалиев мамлекет тарабынан майып болуунун алдын алуу жана ар бир жаранынын ден соолугуна кам көрүү боюнча иштер жасалып жатканын белгиледи.

Өкмөт башчы ошондой эле өзгөчө муктаждыгы бар жарандарды колдоо жалпы коомдун милдети экенин айтып, бул жаатта иш алып барган бардык адамдарга ыраазычылыгын билдирди.

“Өзгөчө муктаждыгы бар балдарды жана адамдарды колдоп, алардын ден соолугу, билим алуусу жана келечеги үчүн тынымсыз эмгектенип келген ата-энелерге жана жакындарына, алардын катарында социалдык кызматкерлерге, дарыгерлерге, педагогдорго жана ыктыярчыларга ыраазычылыгымды билдирем”,- деди Касымалиев.

Scroll to Top