Кыргызстандын калкы 7,3 миллион адамга жакындады
Кыргызстандын калкынын саны өсүүдө, 2025-жылдын башына карата 7,3 миллион адамга жетти. Дүйнөлүк көрсөткүчтөр боюнча өлкө жогорку демографиялык өсүүнү көрсөтүүдө. Бул жогору деңгээлдеги туруктуу төрөлүүгө жана акыркы жылдардагы миграциянын оң сальдосуна байланыштуу. Бирок мындай жакшы көрсөткүчтүн артында татаал жана карама-каршылыктуу процесстер жатат: коом акырындык менен картаюуда, эмгек курагындагы жарандарга түшкөн демографиялык жүк өсүүдө, ал эми аймактар ортосундагы айырмачылыктар барган сайын күчөп баратат.
Калктын өсүшү: жылына +120 миң адам
2024-жылы Кыргызстан калкы дээрлик 120 миң адамга көбөйүп, өсүү темпи 1,7%ды түзгөн. Туруктуу табигый өсүү (төрөлүү менен өлүмдүн айырмасы) негизги кыймылдаткыч күч катары кала берүүдө.
Ошол эле учурда акыркы эки жылда миграция да маанилүү факторго айланды: өлкөгө кирген адамдар чыккан адамдардан көп болууда. 2024-жылы миграциянын оң сальдосу 11 миңден ашуун адамды түзгөн.
Эң активдүү өсүш Ош шаарында (+2,2%), Бишкекте (+2,1%), ошондой эле Баткен облусунда (+1,9%) байкалууда. Эң төмөнкү өсүш Ысык-Көл (1,0%) жана Нарын (0,9%) облустарында катталган.
Демографиялык портрет
Жалпысынан алганда өлкө боюнча аялдардын саны эркектерге караганда бир аз көбүрөөк (50,5%). Бирок төрөлүү жогорку болгон Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын жана Талас облустарында тескерисинче: эркектердин саны аялдардан көп.
Аялдардын басымдуулугу 40 жаштан жогору курактык топтордо байкала баштайт, ал эми 80 жаштан жогору куракта алардын саны эркектерге караганда дээрлик эки эсе көп. Бул айырмачылык эркектер арасында өлүмдүн жогору болушу менен түшүндүрүлөт.
Картаюунун босогосунда: эмгек курагындагы калкка жүк түшүүдө
Кыргызстан азырынча жаш курактагы адамдар басымдуу болгон өлкө бойдон калууда: калктын 33,7%ы – балдар жана өспүрүмдөр, 56,7%ы эмгек курагындагы жарандар, 9,6%ы гана эмгек курагынан жогору жаштагылар.
Ошол эле учурда тынчсыздандырган тенденция байкалууда: эмгек курагындагы калктын үлүшү акырындык менен төмөндөп, пенсия курагындагы жарандардын үлүшү өсүүдө.
Мунун натыйжасында эмгек курагындагы 1000 адамга туура келген балдар жана кары-картаңдардын саны менен өлчөнгөн демографиялык жүк коэффициенти көбөйүүдө.
2024-жылы бул көрсөткүч 765 адамга жеткен.
Эң жогорку демографиялык жүк түштүк жана тоолуу аймактарда байкалат: Баткен облусунда — 905, Жалал-Абадда — 882, Ош облусунда — 875. Эң төмөнкү жүк Бишкек шаарында — 512.
БУУнун шкаласы боюнча, Кыргызстан калкы «картоюунун босогосунда» турат: 65 жаштан жогору жарандардын үлүшү 6%га жетти. Божомолдорго ылайык, 2030-жылга чейин бул көрсөткүч 7%га жакындап, андан кийин калкы «картаң» деп эсептелген өлкөлөрдүн катарына кирет. Ошого карабастан, Кыргызстан калкынын түзүмү КМШдагы коңшуларга салыштырмалуу кыйла «жаш» бойдон калууда: мисалы, Орусияда бул үлүш 17,1%ды, Казакстанда 8,8%ды түзөт.
Төрөлүү азаюуда, ал эми энелердин жаш курагы жогорулоодо
Жогорку табигый өсүшкө карабастан, өлкөдө төрөлүү деңгээли акырындык менен төмөндөп баратат. 2024-жылы жалпы төрөлүү коэффициенти 1000 адамга 19,4 наристе туура келген, бул 2020-жылга салыштырмалуу 17,5%га аз.
Ошол эле учурда, балалуу болгон энелердин орточо жашы 28,4 жашка чейин өсүп, бул үй-бүлө пландаштырууга болгон мамиленин барган сайын аң-сезимдүү болуп жатканын көрсөтөт. Төрөө коэффициенти (бир аялга туура келген балдардын орточо саны) да төмөндөгөнү менен, дагы деле жогору деңгээлде болууда (2,6 бала). Бул калктын орточо көбөйүшүнөн (2,1 бала) кыйла жогору.