Минкаб саламаттык сактоо тармагын каржылоону беш эсеге көбөйтө турганын билдирди

03.12.2025 | 17:49

Алдыдагы жылдары Кыргызстанда саламаттык сактоого жумшалуучу каражаттар беш эседен ашык көбөйүшү керек. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү маселелери боюнча Дүйнөлүк банк миссиясы менен болгон жолугушууда билдирди.

Сүйлөшүүлөр 3-декабрда «Ынтымак Ордо» резиденциясында Кыргызстандагы Дүйнөлүк банктын өкүлчүлүгүнүн башчысы Хью Ридделл жана саламаттык сактоо боюнча улук адис Мохини Кактын катышуусунда өттү.

Тараптар баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жакшыртуу программасынын ишке ашырылышынын жүрүшүн жана аны кеңейтүү боюнча мындан аркы кадамдарды талкуулашты.

Байсаловдун айтымында, өлкө тездетилген социалдык-экономикалык өнүгүү этабына кирип, анда саламаттык сактоо системасын чыңдоо негизги багыттардын бирине айланууда.

Анын белгилешинче, алдыдагы жылдары медицина тармагына мамлекет тарабынан бөлүнгөн каражаттар беш эседен ашык көбөйүп, бул саламаттык сактоо инфраструктурасын жаңылоого жана медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн деңгээлин системалуу түрдө жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет.

Ал ошондой эле келерки жылдан тартып медицина кызматкерлеринин айлык маянасы кыйла өсөрүн, ал эми ири мамлекеттик инвестициялар Бишкек жана аймактарда заманбап медициналык мекемелерди курууга багытталарын айтты. Байсаловдун баамында, жаңы министрдин дайындалышы тармактагы түзүмдүк реформаларды ылдамдатууга тийиш.

Жолугушууда кадрдык потенциалды өнүктүрүү, балдардын ден соолугун коргоону күчөтүү, жеке секторду көбүрөөк тартуу жана кант кошулган суусундуктардын жүгүртүлүшүн жөнгө салуу мүмкүнчүлүктөрү да талкууланды.

Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү баштапкы медициналык-санитардык жардамды өнүктүрүүгө жана саламаттык сактоо системасынын туруктуулугун жогорулатууга багытталган реформаларга эксперттик жана каржылык колдоо көрсөтүүнү улантууга даяр экенин тастыкташты.

Scroll to Top