Кыргызстанда санариптештирилгенден кийин жок кылууга болбой турган документтердин тизмеси талкууланууда
Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги санарип көчүрмөлөрү түзүлгөндөн кийин да түп нускаларын сактоо зарыл болгон документтердин тизмесин аныктаган Министрлер кабинетинин токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды.
Долбоор Санариптик кодекстин 151 жана 153-беренелерин ишке ашыруу максатында даярдалып, юридикалык маанилүү документтердин сакталышын камсыздоого багытталган.
Долбоордун негиздеме-маалымкатында санариптик дубликаттардын кеңири жайылышы жарандардын арасында кагаз жүзүндөгү түп нускаларды жок кылса болот деген жаңылыш пикирди жаратканын баса белгиленет. Санарип министрлиги мындай мамиленин тобокелдиктери бар экенин эскертет: дүйнөдө азырынча санариптик документтерди өз ара таануунун бирдиктүү системасы жок, чек арадан өтүүдө жана айрым укуктук маселелерди чечүүдө дагы деле түп нуска документтерди көрсөтүү талап кылынат.
Долбоордо жарандардын укуктарын коргоо жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон документтерге айрыкча көңүл бурулган.
Алардын катарында:
• инсанды тастыктоочу документтер;
• жарандык абалдын актылары;
• мүлккө карата укуктарды тастыктаган документтер;
• сот чечимдери;
• архивдик материалдар;
• билим алуу жана эмгек ишмердүүлүгү боюнча документтер.
Токтомдун долбоору өкмөттүк органдардын ортосундагы макулдашуу процедурасынан өтүп, коомдук талкууга чыгарылды.