ТИМ Казакстандагы кыргызстандык жаран кабылган кырсык боюнча маалымат берди

Тышкы иштер министрлиги Казакстандын Актөбө облусунун “Жайсан” көзөмөл-өткөрүү пунктунда 47 жаштагы С.Б. аттуу кыргызстандык жаран кабылган жол кырсыгы боюнча кабар берди.
Окуя 25-ноябрда болгон. Министрлик окуя болгон күндөн тартып Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги жабыр тарткан С.Б., анын туугандары, ошондой эле Казакстандын укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен тыгыз байланышта болгонун билдирди.
“Азыркы учурда аталган факт боюнча Актөбө облусунун Мартук райондук полиция бөлүмү тарабынан Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 1-бөлүгү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Аталган маселе Тышкы иштер министрлигинин жана элчиликтин көзөмөлүндө тургандыгын маалымдайбыз”,- деп айтылат маалыматта.
Буга чейин казакстандык фура айдоочусу кыргызстандык 47 жаштагы Самат Бейшекеевди сүзүп кеткени тууралуу жабырлануучунун кесиптеши Reporter.kg сайтына маалымат берген.
Анда казакстандык укук коргоо органдары окуяга күнөөлүү болгон айдоочуну кармабагандыгын, ал эми экспертиза кыргызстандык оор жаракат алганына карабастан, жеңил жаракат алган деген корутунду чыгарганын билдирген. Ошондой эле ал Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Кудайберген Базарбаевге кайрылып, бирок эч жооп ала албай жатышканын айткан.