АКШнын мамкатчысы Марко Рубио соода кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн Борбор Азияга келе жататБишкектин Достук айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелүүдөСадыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугуштуЧүй облусунун ооруканаларына үч тез жардам унаасы тапшырылдыЕреванда Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян сүйлөшүүлөрдү өткөрүштүШакиранын Бишкектеги концерту: 18-октябрда милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт
Интернет-банкингдер аркылуу акча которуулар үчүн комиссия алууга тыюу салуу узартылды
04.12.2025 | 11:17

Улуттук банк интернет-банкингдер аркылуу акча которуулар үчүн комиссиялык төлөм алууга тыюу салынууну узартты. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Тиешелүү токтомду Улуттук банктын башкармасы кечээ, 3-декабрда кабыл алган.
Ага ылайык, 2026-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин коммерциялык банктарга жана төлөм уюмдарына кардарлардан Кыргызстандын ичинде улуттук валютада мобилдик тиркемелер жана интернет-банкинг аркылуу жүргүзүлгөн акча которуулар боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн комиссиялык төлөм алууга тыюу салынат.
Токтом калк үчүн санарип финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жана накталай эмес төлөмдөрдү өнүктүрүү максатында кабыл алынган.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика