БШК №13 шайлоо округундагы парламенттик шайлоону жараксыз деп тааныды

04.12.2025 | 12:09

Борбордук шайлоо комиссиясы кечээ, 3-декабрда, көп мандаттуу №13 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону жараксыз деп тааныды. Бул тууралуу комиссиянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, БШКга аталган округдагы шайлоо участокторунда мыйзам бузуулар боюнча арыздар келип түшкөн. Мындант тышкары соцтармактарда депутаттыкка талапкерлер тарабынан шайлоочулардын укуктарын орой бузганы көрсөтүлгөн фото жана видео материалдар тараган.

Мындан улам БШК текшерүү иштери башталып, аталган участоктордо БШК орноткон камералардагы видеожазуулар каралган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында, 35 шайлоо участкасында катталган талапкерлердин өкүлдөрү мыйзамсыз камераларды орнотуп, шайлоочулардын аракеттерин көзөмөлдөп турганы белгилүү болгон.

“Талапкерлердин өкүлдөрү шайлоочуларды добуш берүү участкасына кирген учурдан тартып, идентификациядан өтүп, ага бюллетень басып чыгарылып берилип, добуш берүү кабинасына кирип чыгып, бюллетенди автоматтык саноо урнасына салганга чейинки бүткүл процессти көзөмөлдөп турушкан”,- деп айтылат маалыматта.

Комиссия мүчөлөрүнүн иш-аракетине карабастан, талапкерлердин өкүлдөрү видеого тартууну токтотушкан эмес. Ошентип, 35 шайлоо участогунда купуя добуш берүү принциби бузулган.

Мындан улам БШК №13 шайлоо округу боюнча шайлоону жараксыз деп тааныган. Мындан тышкары конституциялык Мыйзамга ылайык, аталган округ боюнча парламенттик шайлоого катышкан төмөнкү бардык талапкерлерди кайрадан көрсөтүүгө жол берилбейт:

  1. Нышанов Сайдулла Канболотович;
  2. Мамытов Талант Турдумаматович;
  3. Кенжебаев Нурланбек Исраилжанович;
  4. Курбаналиев Жаныбек Масабирович;
  5. Жээнбекова Гулназ Камытовна;
  6. Маматалиева Мунара Даниярбековна;
  7. Жураева Чынара Муратовна;
  8. Абдалиев Мейкинбек Акимович;
  9. Карабекова Айгүл Асановна;
  10. Саипов Айбек Сатыбекович
  11. Нурбаева Гүлназ Абдулатиповна;
  12. Султанова Олмаскан Абдыкапаровна;
  13. Алтынбеков Айбек;
  14. Сыдыков Бактыбек Усенович.
Scroll to Top