Европага жумушка орноштурам деп алдаган. Баткенде 43 жаштагы шектүү кармалдыЭки айлык тандоо: Кыргызстандын аттары Көчмөндөр оюндарына кантип даярдалдыКырчында 77 жаштагы карыянын жүрөгү кармап, Балыкчыга тик учак менен жеткирилдиШКУ саммитинин чечимдери Кыргызстанга жакынкы 2-3 жылда эмне берет — эксперттин көз карашыКырчында кыргыз-казак төкмө акындарынын эл аралык айтышы өтүүдөБишкекте Ленинград блокадасынын башталганынын 85 жылдыгына арналган эскерүү акциясы өтөт
Ашуулардагы абал: бардык унаалар үчүн чектɵɵлɵр жок
12.03.2026 | 09:32

Бүгүн, 12-мартка карата өлкө аймагындагы жолдордо абал туруктуу, унаалар үчүн чектɵɵлɵр жок. Ал эми ашууларда каттам бар. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.
Төмөнкү ашууларда каттам бар:
- Ош–Сары-Таш–Эркечтам авто жолунун Чыйырчык, Талдык, Тон-Мурун ашууларында,
- Ала-Бука–Жаңы-Базар–Кировка авто жолунун Чапчыма ашуусунда,
- Бишкек–Ош авто жолунун Тɵɵ-Ашуу, Ала-Бел жана Көк-Бел ашууларында,
- Боом капчыгайында,
- Мырзаке–Кара-Кулжа–Алайкуу жолунда;
- Бишкек–Нарын–Торугарт авто жолунун Долон, Чар, Ак-Бейит, Туз-Бел, Кубакы, Кызыл-Бел ашууларында,
- Тараз–Талас–Суусамыр автомобиль жолундагы Өтмөк ашуусунда,
- Түп–Кеген жолунда каттам үзгүлтүксүз уланууда.
Министрликке караштуу жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери автомобиль жолдорунда кар тазалоо, тайгакка каршы инерттик материалдарды чачуу, ошондой эле кар күрткүлөрүн тазалоо иштерин күнү-түнү жүргүзүп жатышат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом