СӨП Кыргызстан чет элдик инвесторлорду эмнеси менен өзүнө тартып жатканын айтып берди
Жылына 9–11% деңгээлинде экономикалык өсүүнүн рекорддук темпин көрсөтүп жаткан Кыргызстан өзүн Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) жана Европанын рынокторуна чыгууну көздөгөн чет элдик инвесторлор үчүн идеалдуу аянтча катары жигердүү таанытууда. Бул тууралуу Кыргыз-корей бизнес-форумунда КР Соода-өнөр жай палатасынын алдындагы Экспортту өнүктүрүү борборунун директору Урмат Такиров билдирди.
Ал кореялык ишкерлерге өлкөдө бизнес жүргүзүүнүн артыкчылыктарын, анын ичинде либералдуу салык режиминен тартып, уникалдуу соода жеңилдиктерине чейин кеңири айтып берди.
Урмат Такиров Кыргызстан — бул жөн гана Борбор Азиядагы өлкө эмес, Чыгыш менен Батыштын ортосундагы стратегиялык транзиттик коридор экенин баса белгиледи.
«Биз калкынын саны 180 миллиондон ашкан ЕАЭБ рыногуна кирүүчү дарбаза болуп саналабыз», — деп белгиледи ал.
Соода жаатындагы негизги артыкчылыктар
- Дүйнөлүк соода уюмуна (ДСУ) жана ЕАЭБге мүчөлүк: жөнөкөйлөтүлгөн бажы жол-жоболору жана товарлардын эркин жылышы.
- Евробиримдиктин ВСП+ макамы: Евробиримдикке 6 минден ашуун товар түрүн нөлдүк же төмөндөтүлгөн алым менен экспорттоого мүмкүндүк берет.
- Транзиттик коридорлор: Кытай, Пакистан жана башка өлкөлөр менен түзүлгөн келишимдер деңиз портторуна чыгууну камсыздайт.
Такировдун айтымында, Кыргызстан КМШдагы экономикасы эң тез өнүгүп жаткан өлкө жана бул өсүү инвестиция үчүн жаңы багыттарды ачууда.
«Бүгүнкү күндө биз унааларды жана электрониканы импорттоо мүмкүнчүлүгүн гана эмес, инвестициялык товарларга: инфраструктура жана курулуш үчүн ташылып келинген товарларга да басым жасашыбыз керек», — деди ал.
Ал мисал катары аймактагы эң ири тоо лыжа курортунун, жаңы аэропорттордун жана мектептердин курулушун келтирди. Бул жайларда жогорку технологиялык жана экологиялык чечимдерге суроо-талап абдан жогору.
Спикер бизнес-климаттын дайыма жакшыртылып жаткан артыкчылыктарына кеңири токтолду.
Бизнес жүргүзүүнүн жөнөкөйлүгү
- Оңой каттоо: ЖЧКны (ОсОО) ачуу — тез жана жөнөкөй процедура.
- «Нөлдүк отчёттуулуктун» жоюлушу: эгер компания убактылуу иштебей турса, отчёт тапшыруунун кереги жок, бул айып пулдардан жана административдик жүктөн арылтат.
- Санариптештирүү: көпчүлүк процедуралар, анын ичинде салык отчёттуулугу «салык төлөөчүнүн кабинети» аркылуу онлайн-форматка өткөрүлгөн.
- Өнүккөн банк системасы: 20 коммерциялык банк түрдүү валюталарда (доллар, евро, юань) эсеп ачууну жана заманбап финтех-чечимдерди сунуштайт.
Либералдуу салык салуу: КМШдагы эң мыкты режимдердин бири
Урмат Такиров Кыргызстандын салык системасын аймактагы эң жагымдуу системалардын бири деп атады.

Негизги салык чендери:
- Пайда салыгы — 10% (Эркин экономикалык аймакта жана инвестициялык макулдашуулар боюнча жеңилдиктер бар).
- Кошумча нарк салыгы (КНС) — 12% (экспорт учурунда бошотулат).
- Туруктуулук: Салык кодексине өзгөртүүлөр жылына бир жолудан көп киргизилбейт, бул системаны алдын ала болжолдоого ыңгайлуу кылат.
- Атайын режимдер: IT, электрондук коммерция (жүгүртүүдөн 2%), тигүү тармагы (0,25%) жана башка секторлор үчүн жеңилдетилген салык режимдери иштейт.
Чет элдик инвесторлорду колдоо
Кыргызстанда чет элдик инвесторлор үчүн колдоо чараларынын бүтүндөй топтому каралган:
- Салыктык жана бажылык жеңилдиктер: эркин экономикалык аймактардын («Бишкек» ЭЭА, «Нарын» ЭЭА) жана жеке инвестициялык макулдашуулардын алкагында.
- Инфраструктуралык колдоо: жер тилкелерин алууга жана коммуникацияларга кошулууга көмөктөшүү.
- Экспорттук насыялоо жана камсыздандыруу: мамлекеттик өнүктүрүү институттары аркылуу.
- Инвестицияларды коргоо: «Инвестициялар жөнүндө» жаңы мыйзам жана эл аралык келишимдер, анын ичинде Түштүк Корея менен кош салык салуудан качуу жөнүндө макулдашуу аркылуу кепилденет.
Сөзүнүн аягында Урмат Такиров кореялык ишкерлерди инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү активдүү изилдөөгө чакырды. Ал Кыргызстанда түзүлгөн Экспортту өнүктүрүү борбору аналитикадан жана кеңеш берүүдөн тартып, соода миссияларын уюштурууга жана тышкы рынокторго чыгууга чейин ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.