Кыргызстанда жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр бекитилди
Кыргызстандын Министрлер кабинети 2025-жылдын жаңы үлгүсүндөгү улуттук айдоочулук күбөлүктөрдү киргизүү жөнүндө токтом кабыл алды. Тиешелүү документке Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Токтомго ылайык, өкмөт жаңы күбөлүктөрдүн сүрөттөлүшүн жана сырткы көрүнүшүн (үлгүсүн) бекитти.

Жаңы күбөлүктөр качан берилип баштайт?
Министрлер кабинети жаңы күбөлүкк дароо өтүү болбой турганын такташты. Учурдагы 2019-жылкы үлгүдөгү күбөлүктөрдү берүү кампадагы эски бланктардын запасы түгөнгөнгө чейин улана берет. Алар толук колдонулуп бүткөндөн кийин гана 2025-жылдын үлгүсүндөгү айдоочулук күбөлүктөр берилип баштайт.
Ким даярдайт?
Жаңы документтерди персоналдаштыруу (айдоочунун маалыматтарын түшүрүү) менен президенттин Иш башкармалыгына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемеси алектенет.