“Росатом” 2026-жылы Кыргызстанда шамал электр станциясын курууну баштаганы жатат

04.12.2025 | 17:13

“Росатом” 2026-жылы Кыргызстандагы кубаттуулугу 100 МВт болгон шамал электр станциясын (ШЭС) курууну баштоону пландап жатат. Азыр объектти долбоорлоо иштери башталып калганын “Росатомдун кайра жаралуучу энергия” АКнун (“Росатомдун” мамлекеттик корпорациясынын мекемеси) башкы директору Григорий Назаров ТАСС МАне билдирген.

“Биз ноябрда бул станциянын туташтыруу шарттарын алдык, бул бизге объект боюнча деталдуу долбоорлоо иштерин баштоого мүмкүндүк берет. Азыркы тапта жалпы отурукташуу, аянтча жана туташтыруунун схемасы аныкталды. Биз конкреттүү параметрлерди алдык жана объект боюнча деталдуу долбоорлоо иштерин баштап жатабыз. Курулуш техникасынын аянтчага чыгышын карай турган болсок, бул 2026-жылы болот, ал эми  конкреттүү айын айтууга али эрте”, – деп ал Дагестанга болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө билдирди.

Росатом 2024-жылдын аягында Кыргызстандын Ысык-Көл облусунда 100 МВт кубаттуулуктагы ШЭС куруу боюнча инвестициялык келишимге кол койгон. Келишим шамал электр станциясын куруу жана иштетүү боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашырууну, ошондой эле шамал электр станциясы тарабынан өндүрүлгөн электр энергиясын сатууну сунуштайт.

Scroll to Top