Садыр Жапаров Пакистандын парламентинин жетекчилери менен жолугушту

Садыр Жапаров бүгүн, 4-декабрда, Исламабадда Пакистандын парламентинин жогорку жана төмөнкү палаталарынын төрагалары менен жолугушуп, эки өлкөнүн парламенттеринин ортосундагы кызматташтык маселелерин талкуулады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Пакистандын Улуттук ассамблеясынын (төмөнкү палата) спикери Сардар Аяз Садик жана Сенаттын (жогорку палата) төрагасы Юсуф Реза Гилани менен болгон жолугушууда транспорттук-логистикалык, инвестициялык, экономикалык жана башка тармактарда келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү келечеги каралды.
Президент Садыр Жапаров мамлекетти өнүктүрүүдөгү парламенттин ролун баса көрсөтүп, мыйзам чыгаруу органынын мамлекеттик системаны чыңдоого жана негизги реформаларды ишке ашырууга кошкон олуттуу салымын белгиледи.
Өз кезегинде Улуттук ассамблеянын спикери Сардар Аяз Садик Садыр Жапаровду Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктап, Пакистан парламенти парламенттер аралык уюмдардын жана форумдардын алкагында активдүү өз ара аракеттенүүгө, өз ара колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.
Белгилей кетсек, азыркы тапта өлкө башчы Пакистанда мамлекеттик сапар менен жүрөт. Анын алкагында, Садыр Жапаров аталган өлкөнүн премьер-министри Шахбаз Шариф менен жолугуп, саясий, соода-экономикалык жана транспорттук-логистикалык тармактарда эки жактуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулады. Бул жолугушуунун жыйынтыгында, эки олкөнүн ортосунда кызматташуу боюнча ондогон стратегиялык документтерге кол коюлду.