Жалал-Абад облусунда 11,7 млн долларга гипсокартон заводу ачылды

05.12.2025 | 13:51

Сузак районунун Достук айылында гипсокартон чыгаруучу жаңы заводдун ачылыш аземи өттү. Ишкананы ишке киргизүү салтанатына Министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев катышты.

Жаңы ишкана Кыргызстандын импорттук курулуш материалдарына болгон жогорку көз карандылыгын азайтууга багытталган. Адылбек Касымалиев белгилегендей, 2025-жылдын 9 айында эле өлкөгө сырттан 8,5 млн чарчы метр гипсокартон ташылып келинген.

Жаңы заводдун кубаттуулугу:

  • Гипсокартон: жылына 10 млн чарчы метр (бул көрсөткүч учурдагы импорттун көлөмүн толук жабат).
  • Гипс порошогун: жылына 60 миң тонна.
  • Инвестиция: Долбоорго 11,7 млн доллар каражат салынган.
  • Жумуш орундары: 80 жергиликтүү тургун жумуш менен камсыз болду.

Министрлер кабинетинин башчысы өлкөнүн курулуш сектору дүркүрөп өнүгүп жатканын, бул болсо өздүк өндүрүштүк базаны талап кыларын баса белгиледи.

«Үстүбүздөгү жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн ички дүң продукциясы (ИДП) 1,4 трлн сомго жетип, 2024-жылга салыштырмалуу 10%га өсүш көрсөттү. Өнөр жай сектору да 9,8%га өстү», — деди Адылбек Касымалиев.

Scroll to Top