Казакстан жана Кыргызстан социалдык чөйрөдө санариптик чечимдерди алмашууну макулдаштыИРСК Жакынкы Чыгыштагы АКШнын IT-активдерине сокку уруу менен коркуттуАк илбирс Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий тумары болуп тандалдыКыргызстанда электр тармактары оңдолууда — жарык маал-маалы менен өчүшү мүмкүнЖогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кундузбек Сулайманов коррупцияга шектелип кармалдыЖогорку Кеңеш жана БУУ Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу үчүн өнөктөштүктү чыңдашат
Чукул кабар! Унаа жолдорго кар көчкү түшүүсү күтүлөт
08.12.2025 | 11:17

ӨКМ 8-декабрдан 10-декабрга чейинки жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорундагы унаа жолдорго кар көчкү түшүүсү мүмкүн экенин кабарлады.
Маалыматка ылайык, төмөнкү тилкелерге кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү топтолушу мүмкүн:
- Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-74 чакырымдарында Чапчыма ашуусунда;
- Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 0-3 чакырымдарында;
- Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 65-110 чакырымдарында.
ӨКМ жолдор тайгак болуп муз тоңорун, мындан улам унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектөө зарыл экенин эскертти.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом