Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Башка өлкөлөрдө жүк ташуу үчүн КР айдоочуларына эл аралык айдоочулук күбөлүк керек
31.03.2026 | 16:49
Чет өлкөлөргө жүк ташуу тармагында иштеген кыргызстандык айдоочуларга эл аралык айдоочулук күбөлүктөрдү жол-жоболоштуруу зарыл. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта маалымат жыйынынын жүрүшүндө КР Президентинин иш башкармалыгына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун директору Тынычбек Саидов билдирди.
«Улуттук айдоочулук күбөлүктөр менен катар эле эл аралыктары да бар. Аларга Жол кыймылы жөнүндө Вена конвенциясында бекитилген талаптар коюлган — анын ичинде документтин форматы, мазмуну жана техникалык параметрлери боюнча.
Аталган конвенцияны ратификациялабаган өлкөлөрдө кыргызстандык айдоочулар кошумча түрдө эл аралык айдоочулук күбөлүктөрдү жол-жоболоштура алышат», – деп түшүндүрдү ал.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом