Гуманитардык сабактардын мугалимдери айлыгы төмөн экенине нааразыНоокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркадыБалыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»Ысык-Ата районундагы «Туз» суу сактагычынын сыйымдуулугу эки эсеге көбөйөтЧет өлкөлүк жарандар балдарын мектепке 1-класска кантип каттай алышатЧүйдө «Асыл Тери» терини кайра иштетүүчү заводунун курулушу башталды
Кыргызстанда суу менен камсыздоо тармагына инвестиция эки эсе өстү
08.12.2025 | 12:00
Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕАӨБ) аналитиктеринин маалыматына ылайык, 2025-жылдын январынан октябрына чейин өлкөдөгү инвестициянын көлөмү 18,9%га жогорулаган.
Каражат эң көп суу менен камсыздоо тармагына жумшалууда, бул жааттагы көрсөткүчтөр дароо 110%га «секирик жасаган». Ошондой эле тоо-кен тармагы жана заводдор (кайра иштетүү өнөр жайы) жигердүү өнүгүүдө, бул багыттарга каражат салуу 60%га өскөнү катталган.
Эксперттер белгилегендей, жалпы инвестициянын үчтөн бири (31%) — бюджеттик каражаттар болсо, чейрегине жакыны (23%) — ишкерлердин өз ишканаларын өнүктүрүү үчүн салган акчасы.
«Инвестициялык жигердүүлүктүн аркасында менен 2025-жылы Кыргызстандын экономикасынын өсүшү рекорддук чекке жетет деп күтүүдөбүз», — деп жыйынтыктады ЕАӨБ.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика