Кыргызстанда көмүр тармагын колдоо жана салык салууну жөнөкөйлөтүү боюнча жаңы мыйзам даярдалуудаКыргызстан менен Россия агросектордогу кызматташтыкты күчөтөт: Москвадагы жолугушуулардын жыйынтыгы4-апрель: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайтСогуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштарБишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алдыБишкекте ЖАМКтын подполковниги бассейнге чөгүп бараткан кызды сактап калды — чоо-жайы
БШК №20 округдагы шайлоонун жыйынтыгын бекитти
08.12.2025 | 11:00

Борбордук шайлоо комиссиясы №20 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун жыйынтыгын бекитти.
Токтомго ылайык, аталган округдагы шайлоо өттү деп таанылып, төмөнкүлөр шайланган депутаттар деп таанылды:
- Айтиев Темирлан Тынычбекович – 9 021 добуш (29,04%);
- Атамбаев Сеидбек Алмазбекович – 3 825 добуш (12,31%);
- Ашымбаева Токтобүбү Абасовна – 1 249 добуш (4,02%).
№20 округу боюнча 64 шайлоо участогу түзүлгөн. Округдагы шайлоочулардын тизмесине 128 миң 180 шайлоочу киргизилген. Алардын ичинен добуш берүүгѳ 31 602 жаран же 24,65%ы катышкан.
Аталган округга Чүйдүн Аламүдүн району, ошондой эле Бишкек шаарынын Биринчи Май, Свердлов жана Ленин райондору кирет.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат