АКШнын мамкатчысы Марко Рубио соода кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн Борбор Азияга келе жататБишкектин Достук айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелүүдөСадыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугуштуЧүй облусунун ооруканаларына үч тез жардам унаасы тапшырылдыЕреванда Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян сүйлөшүүлөрдү өткөрүштүШакиранын Бишкектеги концерту: 18-октябрда милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт
Бишкекте Абдымомунов көчөсүндөгү көп кабаттуу үй жалындап күйүүдө
08.12.2025 | 10:59
Борбор калаанын Абдымомунов көчөсүндөгү көп кабаттуу турак жайдан ири өрт чыкты. Күбөлөрдүн айтымында, батирдин терезелеринен жалын бүркүп, кара түтүн алыстан көрүнүп турат.
Кырсык болгон жердеги адамдар өрт өчүрүүчүлөр көпкө чейин өрт чыккан жерге келбей жатканына нааразы болушту. Бирок кийинчерээк куткаруучулар олуттуу тоскоолдукка туш болгону белгилүү болду. Атайын техника күйүп жаткан имаратка райондогу башаламан жана өтө жыш курулуштардын айынан тез жете алган эмес. Мындай курулуштар ӨКМнын ири техникаларын кире алгыс кылып салган.
Тургундар бийликтен курулушка уруксат берүү саясатын кайра карап чыгууну талап кылышууда. Анткени бирөөнүн үйү өрттөнүп жатканда, жардам тар жолдордо тыгылып, келе албай калууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар