Бишкекте мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн бала бакчанын курулушу башталдыБорбор калаанын базарларында жана дүкөндөрүндө жумуртканын баасы орточо эсеп менен бир даанасына үч сомго чейин арзандадыКыргызстанда 430 миңге жакын адам вирустук гепатит менен жашайтДүйнө глобалдык экономикалык кризистин босогосунда турат жана Кыргызстандын ШКУдагы ролу азыр өтө маанилүү — экспертИИМ Тай-Мурас Ташиевге карата кылмыш ишин козгодуОштогу бүтпөй калган курулуш объектилерин Курулуш министрлиги аягына чыгарат
Ош мэри соодагерлер жаңы «Келечек» базарына жазында көчүрүлөрүн билдирди
11.12.2025 | 11:39

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев соодагерлер жаңы «Келечек» базарына 1-марттан тарта көчүрүлө баштарын билдирди. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Мэр Токторбаев бүгүн, 11-декабрдагы, таңкы рейддик кыдырууда жаңы Ош базары, Жибек-Жолу, Келечек жана таттуулар базарына барып, көчүрүү маселесин талкуулаган.
Анын жүрүшүндө мэр соодагерлерди кыштын ызгаарында кыйнабоо максатында көчүрүү мөөнөтүн 1-мартка жылдыруу чечими кабыл алган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом