Аутист кыздын колун сындырган психолог 6 жылга эркинен ажыратылды

12.12.2025 | 13:37

Бишкектин Ленин райондук соту аутизмдин оор формасы бар кичинекей кыздын колун сындырып алган психологду алты жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу “Баланын укугун коргоочулардын лигасы” коомдук фондунун жетекчиси Назгүл Турдубекова өзүнүн Фейсбук тармагына жазды.

Маалыматка ылайык, буга чейин кыздын апасы Чынара Жунусова кайрылып, Илья Ананьев аттуу психолог-окутуучу кабыл алуу учурунда кызына карата ар кандай ооруткан ыкмаларды колдонулуп келгенин билдирген. 2024-жылдын декабрында аталган психолог кыздын колун сындырып алган, мындан улам кызга беш жолу операция жасалганын айткан.

“Бул окуя коомчулукта чоң резонанс жаратып, мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын коопсуздугу жана балдар менен иштеген адистердин жоопкерчилиги боюнча маселени кайрадан көтөрдү”,- деп билдирди укук коргоочу.

Scroll to Top