Гутерриш: деңиз деңгээлинин көтөрүлүшү адамдарды келечектен ажыратуудаКыргызстандын мыйзамдарына «буллинг» жана «кибербуллинг» түшүнүктөрүн киргизүү сунушталуудаТүп районунда лагерь жана 6 гектар жер мамлекетке кайтарылдыФермерлерди кредиттөө онлайн форматка өткөрүлөтАКШнын элчиси Лесли Вигери төрт жылдык ишин жыйынтыктап, Кыргызстан менен коштоштуКыргызстандын банктарында жаңы депозиттердин көлөмү 937 млрд сомго жетти
Эмгек министрлиги Жаңы жылдык каникулду 11 күнгө узартууну сунуштады
12.12.2025 | 14:39
КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2026-жылдагы Жаңы жылдык майрамдарды кыйла узарта турган токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Мекеме 1-январдан 11-январга чейин (кошо алганда) эс алуу күндөрү кылууну сунуштоодо.
Жаңы Эмгек кодексинин ченемдерине ылайык, Кыргызстандын жарандары ансыз деле 1-январдан 7-январга чейин эс алууга укуктуу. Бирок, 2026-жылы 8 жана 9-январь бейшемби жана жума күндөрүнө туш келгендиктен, министрлик жуманы ортодон бөлбөй, бул жумуш күндөрүн жылдырууну туура деп тапкан.
Эс алуу күндөрү кандай жылдырылат:
- 8-январь (бейшемби) жумуш күнү 7-февраль ишембиге;
- 9-январь (жума) жумуш күнү 25-апрель ишембиге жылдырылат.
Эгер Министрлер кабинети бул сунушту бекитсе, кыргызстандыктар удаасы менен 11 күн эс алып, жумушка 2026-жылдын 12-январында гана чыгышат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом