Борбор Азия өлкөлөрү БУУнун улутчулдукка каршы күрөшүү резолюциясын колдоштуДоналд Трамп $5 млрд ордун толтуруу талабы менен сотко бергенБишкек абанын булганышы боюнча 27-орунду ээледиЖогорку Кеңеште 5 депутаттык топ түзүлдү. Үч гана депутат топко кирген жокМүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн КМШнын биринчи кышкы спартакиадасы Уфада башталдыСалык кызматы жылдык планды ашыгы менен аткарып, рекорддук 275,7 млрд сом чогултту
Бишкекке жакын унаа базарынын жанында болгон жол кырсыгынан эки адам каза болду
13.12.2025 | 14:00
Кечээ «Азамат» унаа базарынын жанында өлүм менен коштолгон жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен эки адам каза болду.
ЖКККББнын маалыматына ылайык, Mercedes-Benz унаасы автоунаа базарынын аймагынан чыгып жатып, жол эрежесин бузуу менен Бишкек тарапка бурулган. Ошол учурда башкы жол менен келе жаткан Hyundai Palisade унаасы аны сүзүп кеткен.
Катуу соккудан улам Mercedes-Benz унаасынын айдоочусу жана жүргүнчүсү окуя болгон жерде каза болушкан. Ал эми Hyundai Palisade унаасындагы эки адам жаракат алып, Сокулук аймактык ооруканасына жеткирилген.
Кырсык болгон жерде жол-кайгуул кызматынын жана ыкчам кызматтардын кызматкерлери иш алып барышты. Учурда кырсыктын себептери такталып, текшерүү жүрүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар