Казакстан менен чек арада бир миллион сомдон ашык суммадагы дары-дармектерди мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюлдуЖалал-Абад облусунда жерди мыйзамсыз басып алуу фактысы аныкталды: мамлекетке келтирилген зыян 15 млн сомдон аштыКыргызстанда көмүр тармагын колдоо жана салык салууну жөнөкөйлөтүү боюнча жаңы мыйзам даярдалуудаКыргызстан менен Россия агросектордогу кызматташтыкты күчөтөт: Москвадагы жолугушуулардын жыйынтыгы4-апрель: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайтСогуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштар
Бишкек менен Кара-Балтага жаңы көмүр кампалары ачылды
16.12.2025 | 11:12

Бишкек жана Кара-Балта шаарларына жаңы көмүр кампалары ачылып, калкты тейлөөдө. Бул тууралуу «Кыргызкөмүр» ишканасы билдирди.
Борбор калаадагы жаңы кампа Лев Толстой көчөсү, 98А дарегинде жайгашкан. Бул жерде көмүрдүн тоннасы 5 миң 800 сомго салынууда. Бул кампа Токолдош, Рухий-Мурас жана Лебединовка аймактарынын тургундары үчүн абдан ыңгайлуу жайгашкан.
Ал эми Кара-Балтадагы кампа Пальмира Тольятти көчөсү, 1Б дарегинде жайгашкан. Аталган кампадан Панфилов жана Жайыл райондорунун тургундары көмүр сатып ала алышат. Көмүр тоннасына 6 миң 300 сомдон сатылууда.
«Кыргызкөмүр» аталган кампаларага 5тен вагон көмүр түшкөнүн, көмүр жеткирүү дагы уланарын билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом