Кыргызстандык окуучулар информатика боюнча Евразия олимпиадасында ийгилик жаратышты

17.12.2025 | 13:46

Кыргызстандык окуучулар информатика боюнча XVII Евразия олимпиадасында 6 алтын, 9 күмүш жана 6 коло медаль жеңип алышты. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Олимпиада 15–16-декабрда Казакстандын Алматы шаарында өтүп, ага 200дөн ашуун окуучу катышкан. Кыргызстандан сынакка 24 окуучу барган.

Алтын медаль жеңген окуучулар:

  • Айдарбеков Алихан — 12-класс, «Сейтек STEM» мектеби;
  • Мананов Рамазан — 10-класс, «Сейтек STEM» мектеби;
  • Абдирасулов Абдуллахан — 10-класс, «Сейтек STEM» мектеби;
  • Сыдыкбаев Эмирхан — 8-класс, «Газпром Кыргызстан» мектеби;
  • Саят Арлан — 8-класс, «Газпром Кыргызстан» мектеби;
  • Акимов Ариет — 8-класс, «Газпром Кыргызстан» мектеби.

Күмүш медаль алган окуучулар:

  • Зымчыбеков Ислам — 11-класс, “Манас Ата” Талас лицейи;
  • Минбаев Байыш — 11-класс, Купуев академиясы;
  • Алишеров Азамат — 11-класс, Курманбек баатыр атындагы Жалал-Абад лицейи;
  • Арапов Али — 10-класс, «Сейтек STEM» мектеби;
  • Карыпжанов Нурислам — 11-класс, Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейи;
  • Бектен Абдувалиев — 8-класс, Ош шаарындагы International School of Kyrgyzstan;
  • Кадыров Адилхан — 10-класс, М. Субакожоев атындагы Нарын лицейи;
  • Жаникеев Саид — 10-класс, «Сейтек STEM» мектеби;
  • Алмазов Али — 10-класс, Жайыл баатыр атындагы жалпы билим берүү лицейи.

Коло медаль тагынгандар:

  • Мавлянов Актан — 9-класс, “Intellect school” жеке менчик мектеби;
  • Баймырзаев Аруубек — 9-класс, “Акылман” Президенттик лицейи;
  • Исраилов Азирет — 9-класс, “Intellect school” жеке менчик мектеби;
  • Филиппов Андрей — 11-класс, Е.Б. Якир атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейи;
  • Алымбеков Сабыр — 10-класс, “Маариф” билим берүү комплекси;
  • Базаркулов Айтегин — 11-класс, Е.Б. Якир атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейи.

Агартуу министрлиги Кыргызстандын жаш информатиктерин жана алардын мугалимдерин жогорку жетишкендиктери менен куттуктады.

Scroll to Top