Караколдо «Открыткаларга түшпөгөн Кыргызстан» аттуу фотовыставка өтөтКыргызстанда башка айып пулдары бар болсо да эвакуацияланган унааларды кайтарып берүү сунушталуудаБишкекте «БишХолдер» эл аралык стол үстүндөгү ролдук оюндар фестивалы өтөтУлуттук банк чет өлкөлөрдөгү банктардын уставдык капиталына жаңы талаптарды сунуштады — долбоорШакира Бишкекке концертинен бир күн мурун, 17-октябрда учуп келетУлуттук банк «Почта Банкын» түзүүгө уруксат берди: ал бардык аймактарда иштейт
Кыргызстандык окуучулар информатика боюнча Евразия олимпиадасында ийгилик жаратышты
17.12.2025 | 13:46

Кыргызстандык окуучулар информатика боюнча XVII Евразия олимпиадасында 6 алтын, 9 күмүш жана 6 коло медаль жеңип алышты. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Олимпиада 15–16-декабрда Казакстандын Алматы шаарында өтүп, ага 200дөн ашуун окуучу катышкан. Кыргызстандан сынакка 24 окуучу барган.
Алтын медаль жеңген окуучулар:
- Айдарбеков Алихан — 12-класс, «Сейтек STEM» мектеби;
- Мананов Рамазан — 10-класс, «Сейтек STEM» мектеби;
- Абдирасулов Абдуллахан — 10-класс, «Сейтек STEM» мектеби;
- Сыдыкбаев Эмирхан — 8-класс, «Газпром Кыргызстан» мектеби;
- Саят Арлан — 8-класс, «Газпром Кыргызстан» мектеби;
- Акимов Ариет — 8-класс, «Газпром Кыргызстан» мектеби.
Күмүш медаль алган окуучулар:
- Зымчыбеков Ислам — 11-класс, “Манас Ата” Талас лицейи;
- Минбаев Байыш — 11-класс, Купуев академиясы;
- Алишеров Азамат — 11-класс, Курманбек баатыр атындагы Жалал-Абад лицейи;
- Арапов Али — 10-класс, «Сейтек STEM» мектеби;
- Карыпжанов Нурислам — 11-класс, Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейи;
- Бектен Абдувалиев — 8-класс, Ош шаарындагы International School of Kyrgyzstan;
- Кадыров Адилхан — 10-класс, М. Субакожоев атындагы Нарын лицейи;
- Жаникеев Саид — 10-класс, «Сейтек STEM» мектеби;
- Алмазов Али — 10-класс, Жайыл баатыр атындагы жалпы билим берүү лицейи.
Коло медаль тагынгандар:
- Мавлянов Актан — 9-класс, “Intellect school” жеке менчик мектеби;
- Баймырзаев Аруубек — 9-класс, “Акылман” Президенттик лицейи;
- Исраилов Азирет — 9-класс, “Intellect school” жеке менчик мектеби;
- Филиппов Андрей — 11-класс, Е.Б. Якир атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейи;
- Алымбеков Сабыр — 10-класс, “Маариф” билим берүү комплекси;
- Базаркулов Айтегин — 11-класс, Е.Б. Якир атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейи.
Агартуу министрлиги Кыргызстандын жаш информатиктерин жана алардын мугалимдерин жогорку жетишкендиктери менен куттуктады.
Рубрики: Жаңылыктар, Илим-билим