Эл аралык уюмдардын инвестицияларынын 60%дан ашыгы эми Борбор Азияга жумшалууда

18.12.2025 | 12:00

Акыркы жылдардагы геосаясий өзгөрүүлөр Евразиядагы эл аралык инвестициялардын картасын түп-тамырынан бери өзгөрттү. Эгер мурда көңүл чаржайыт болсо, эми ал так Борбор Азияга бурулду. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕӨБ) 16 эл аралык каржы уюмунун акыркы 17 жылдагы ишмердүүлүгүн талдаган жаңы масштабдуу баяндамасында айтылат.

Банктын аналитиктери аймакта акча кайсы жакка жана кантип агылып жатканын аныктаган 10 негизги трендди бөлүп көрсөтүштү.

Башкы магнит — Борбор Азия

Эң таасирдүү тенденция — каржы агымдарынын кескин багыт өзгөртүүсү. Евразия аймагын каржылоонун жалпы көлөмүндөгү Борбор Азиянын үлүшү 18%дан 63%га чейин өстү.

Сан жагынан алганда өсүш дагы чоң: аймакка салынган каражаттын орточо жылдык көлөмү 4 эседен ашык көбөйүп, 3,4 млрд долларга жетти. Бул Борбор Азиянын континенттеги туруктуулуктун жана өсүштүн негизги чекити макамын тастыктайт.

Түштүк Кавказ дагы динамикалуу өсүштү көрсөтүүдө, анын үлүшү 9%дан 20%га чейин жогорулады.

ЕӨБ биринчи орунга чыкты

Донорлордун ортосундагы күчтөрдүн жайгашуусу да өзгөрдү. 2022–2024-жылдардын жыйынтыгы боюнча Евразия өнүктүрүү банкы (ЕӨБ) аймактагы суверендүү эмес каржылоонун (мамлекеттик кепилдиги жок жеке секторго жана мамлекеттик компанияларга инвестиция салуу) көлөмү боюнча 1-орунду ээледи. Андан кийинки орундарда Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) жана Эл аралык каржы корпорациясы (IFC) турат.

Инвестициялардын түзүмү да революциялык өзгөрүүлөргө дуушар болду.

  • КЖЭБдин (ВИЭ) өсүшү: Эл аралык каржы уюмдарынын портфелиндеги кайра жаралуучу энергия булактарынын үлүшү нөлдөн 18%га чейин өстү.
  • Жашыл бум: Жалпысынан «жашыл» долбоорлордун үлүшү (энергетика жана каржы тармагында) 8%дан 32%га чейин секирик жасады.

Бирок бул процесстин экинчи жагы да бар. «Жашыл» күн тартибине басым жасоо салттуу тармактарды каржылоонун кыскарышына алып келди. Машина курууга инвестициянын үлүшү 5,5%дан 0,6%га, ал эми агроөнөр жай комплексине 7,7%дан 3,5%га чейин кулады. Аналитиктердин пикиринде, бул экономиканын реалдуу сектору үчүн кооптуу белги.

ЭКУлар доллардан көбүрөөк баш тарта баштады

Улуттук валютадагы операциялардын орточо жылдык көлөмү 50%га өсүп, 1,2 млрд долларга жетти. Бул карыз алуучулар үчүн валюталык тобокелдиктерди азайтат.

Мындан тышкары, «онлендинг» механизминин популярдуулугу өсүүдө (+31%) — мында эл аралык институттар чакан жана орто бизнести насыялоо үчүн жергиликтүү банктарга акча бөлүп беришет.

ЕӨБ эксперттери эл аралык уюмдар ийгиликтин уланышы үчүн аймактын үч негизги көйгөйүнө көңүл бурушу керектигин баса белгилешет:

  1. Экономикалык тез өсүштү камсыз кылуу.
  2. Транспорттук жеткиликтүүлүк маселелерин чечүү.
  3. Сууга жеткиликтүүлүктү камсыздоо.

Дал ушул багыттар жакынкы жылдарда инвестициялар үчүн артыкчылыктуу болушу керек.

Scroll to Top