Екатеринбургдагы чет өлкөлүктөрдү кармоо борборунда 40 кыргызстандык жатат. Башкы консулдук алардан кабар алды

Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоо борборуна барып, ал жакта жаткан кыргызстандык жарандардан кабар алышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган борбордо Кыргызстандын 40 жараны жайгаштырылган. Алардын 15и жакынкы убакта учак менен мекенине жөнөтүлөрү айтылды. Консулдуктун кызматкерлери алар менен жолугушуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.
Мындан тышкары, Башкы консулдукка Орусиянын Ички иштер министрлигинин “Асбестовский” муниципалдык бөлүмүндө кармалып турган кыргызстандык жарандар кайрылышкан. Бул жерде өлкөдөн чыгарууну күтүп жаткан 8 жаран жайгаштырылганы аныкталган. Алар чет элдик жарандарды убактылуу кармоо борборуна батпай калганына байланыштуу бул жерге которулган.
Министрлик консулдуктун кызматкерлери бул жарандар менен байланышып, Орусиянын органдарына алар менен жолугууга уруксат берүү жөнүндө суроо-талап жөнөтүшкөн.
“Бардык керектүү процедуралар аяктагандан кийин алар дагы жакын арада Кыргызстанга жөнөтүлөт”,- деп билдирди ТИМ.