Садыр Жапаров жапон императору Нарухито менен жолугуп, аны Кыргызстанга чакырды

Бүгүн, 19-декабрда, Токиодо президент Садыр Жапаров менен Жапониянын императору Нарухитонун менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Жапониянын ортосунда достук байланыштарды бекемдөө жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Император Нарухито Садыр Жапаровдун сапары кыргыз-жапон мамилелерин мындан ары тереңдетүү үчүн маанилүү экенин баса белгиледи.
Өз кезегинде Жапаров кыргыз эли жапон элинин маданиятын жана каада-салттарын жогору баалай турганын айтты. Ошондой эле ал Жапониянын билим берүү программаларынын Кыргызстан үчүн маанилүү ордун белгилеп, учурда өлкөнүн төрт жогорку окуу жайында 700гө жакын кыргызстандык студент японтаануу жана япон тили боюнча билим алып жатышканын айтты.
Мындан тышкары Садыр Жапаров император Нарухитону 2027-жылы өтө турган “Бишкек+25” Экинчи глобалдык тоо саммитине катышууга жана Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.
Эске салсак, 18-декабрда Садыр Жапаров «Борбордук Азия + Жапония» саммитине катышуу үчүн Токиого иш сапары менен барды. Саммиттин алкагында Борбор Азия өлкөлөрү менен Япониянын бизнес форуму да өтөт.