ЕӨБ 2026-жылы Кыргызстандын экономикасы 9,3%га өсөт деп болжолдоодо
Кыргызстан төртүнчү жыл катары менен экономикалык өсүштүн жогорку темпин көрсөтүүдө: Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕӨБ) талдоочулары 2026-жылы Кыргызстандын экономикасы 9,3%га өсөт деп божомолдошууда. Reporter.kg редакциясы бул өсүш эмненин эсебинен болуп жатканын жана жакынкы жылдары бизнес менен калкты эмне күтүп турганын түшүнүү үчүн ЕӨБдүн баяндамасын терең талдап чыкты.
Азыркы божомолдорго баа берүү үчүн акыркы беш жылдын экономикалык динамикасына көз чаптыруу керек.
Кыргызстан 2020-жылы COVID-19 пандемиясынан жана локдаундардан улам ИДП 8,6%га кулаган «кризистик чуңкурдан» чыгып, алдыга секирик жасады. Калыбына келүү 2021-жылы (+3,9% «Кумтөрдү» эске албаганда) башталып, 2022-жылы 7%га, 2023-жылы 6,2%га өскөн. Бирок акыркы эки жыл чыныгы секирик болду: 2024-жылы экономика 9%га чейин ылдамдаса, 2025-жылды өлкө 11 айдын жыйынтыгы менен 10,3%дык рекорддук көрсөткүч менен аяктап жатат.
Ошондуктан, 2026-жылы экономиканын кыйла жогорку өсүшү күтүлгөнү менен, ал 2025-жылдагыдан бир аз төмөн болушу мүмкүн.
Экономика эмненин эсебинен өсүүдө?
Экономикалык өнүгүүнүн башкы кыймылдаткыч күчү (локомотиви) — күчтүү ички суроо-талап бойдон калууда. Адамдар көбүрөөк акча корото баштады, буга бир нече фактор шарт түзүүдө:
- Реалдуу кирешелердин өсүшү: эмгек акылар өсүүдө (2025-жылдын январь-сентябрь айларында +10,9%), бул калктын өзүн ишенимдүү сезүүсүнө мүмкүндүк берет.
- Акча которуулар: эмгек мигранттарынан келген каражаттардын агымы январь-сентябрь айларында былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 16,4%га көбөйдү, бул көптөгөн үй-бүлөлөр үчүн маанилүү колдоо.
- Насыялоо дүрбөлөңү: керектөө насыяларынын көлөмү эки эсеге жакын өстү. Адамдар товарларды жана кызматтарды сатып алууга жигердүү карыз алууда. Мисалы, октябрь айында эле кыргызстандыктар 44,8 млрд сомго насыя алышкан.
Экинчи маанилүү фактор — инвестициялар. Мамлекет бюджеттен каржылоону былтыркы жылга салыштырмалуу 2,6 эсеге көбөйтүп, каражаттарды стратегиялык маанилүү долбоорлорго жумшоодо. Жакынкы жылдарда негизги инвестициялар транспорт (21%), энергетика (19,5%) жана суу менен камсыздоо (15,9%) тармактарына багытталат. Бул курулуш секторун заказдар менен камсыз кылып, кайра иштетүү өнөр жайын колдойт.
Баалар эмне үчүн өсүп жатат?
Жогорку суроо-талаптын экинчи жагы — баалардын өсүшү. 2025-жылдын январынан октябрына чейин инфляция 9,3%га жетти. Негизги себептер:
- Тарифтердин жогорулашы: май айында электр энергиясына тарифтер дээрлик 24%га өскөн, бул товарлардын жана кызматтардын өздүк наркына таасирин тийгизди.
- Күйүүчү майдын кымбатташы: КММга баалар жайдан бери өсүп, транспорттук чыгымдарды көбөйтүүдө.
- Тышкы факторлор: азык-түлүккө болгон дүйнөлүк баалар да басым жасоодо.
2026-жылдын аягына карата божомол — инфляция 8,3% деңгээлинде болот. Баалардын кескин төмөндөшүн күтүүнүн кереги жок: жогорку суроо-талап, турак жай-коммуналдык чарбадагы пландалган реформалар жана алкоголго акциздердин жогорулашы инфляциялык фонду кармап турат.
Ошол эле учурда Кыргызстандын Улуттук банкы бааларды ооздуктоо үчүн катаал саясатты жүргүзүүдө. Эсептик чен 11%га чейин жогорулатылды жана божомолдор боюнча, жакынкы жылдары ушул деңгээлде калат.
Бул бизнес жана калк үчүн насыялар жакынкы арада арзандашы күмөн экенин билдирет.
Эске салсак, буга чейин ЕӨБдүн өз ара инвестициялар боюнча баяндамасына ылайык, акыркы жылдары Евразия аймагын каржылоонун жалпы көлөмүндөгү Борбор Азиянын үлүшү 18%дан 63%га чейин кескин өсүп, жылына 3,4 млрд долларга жеткен. Эксперттер туруктуу өнүгүү үчүн эл аралык донорлор аймактын үч негизги чакырыгына: экономикалык тез өсүштү камсыздоо, транспорттук жеткиликтүүлүк көйгөйлөрүн чечүү жана суу ресурстарына жетүүнү камсыздоого көңүл бурушу керектигин баса белгилешкен.