8-мартта тынчтык акциясын өткөрүүгө уруксат сурап, президентке кайрылуу жасалдыОш шаарында үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө белек берилдиЖакында эле эркиндикке чыккан Даниэль Ажиев кайрадан кармалдыЕӨБ Кыргызстандагы «жашыл» жана энергетикалык долбоорлордун ишке ашырылышы тууралуу маалымдадыПрезидент жол эрежесин бузгандардан жеринде тест алуу боюнча мыйзам долбоорду эмнеге артка чакыртканын түшүндүрдүЖайылда жубайын жана уулун сабаган деп шектелип, 35 жаштагы жаран кармалды
«Манас» эл аралык аэропортунда коюу тумандан улам каттамдар дагы кармалууда
23.12.2025 | 10:16
Бүгүн, 23-декабрда, «Манас» эл аралык аэропортунда аба ырайынын шарттарына байланыштуу учуп кете турган жана келе турган каттамдар кармалып, айрымдары таптакыр токтотулду. Бул тууралуу аэропорттун расмий сайтындагы каттамдар боюнча маалыматтарда айтылды.
Аэродром аймагындагы коюу тумандан улам учуп келе турган 10 каттам кармалып, бирөө жокко чыгарылды. Ал эми учуп кете турган 7 каттам кармалып, экөө токтотулду.
Начар аба ырайына байланыштуу каттамдар кечээ да 11 каттам жокко чыгарылып, төртөө кармалган. Анда көрүү мүмкүнчүлүгү 400 метрди түзүп жатканы айтылган. Белгилей кетсек, учуп-конууну ишке ашыруу үчүн белгиленген норматив 800 метрди түзүшү керек.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом