Бишкекте жашылдандыруу маселесине арналган Экологиялык кеңештин ачык жыйыны өтөтКР жогорку окуу жайлары карыз үчүн диплом жана аттестаттарды кармап калууга укуксуз — акыйкатчыБишкектин айрым көчөлөрүндө 7-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөтБалетмейстер Айзада Тумакованын юбилейине карата «Сильфида» балети коюлатКазакстанда Коргоо министрлигин текшерүүдөн кийин 13 кылмыш иши козголдуКыргызстанда монополисттерди инженердик тармактарга кошуудан баш тартууну негиздөөгө милдеттендирүү сунушталууда
«Манас» эл аралык аэропортунда коюу тумандан улам каттамдар дагы кармалууда
23.12.2025 | 10:16
Бүгүн, 23-декабрда, «Манас» эл аралык аэропортунда аба ырайынын шарттарына байланыштуу учуп кете турган жана келе турган каттамдар кармалып, айрымдары таптакыр токтотулду. Бул тууралуу аэропорттун расмий сайтындагы каттамдар боюнча маалыматтарда айтылды.
Аэродром аймагындагы коюу тумандан улам учуп келе турган 10 каттам кармалып, бирөө жокко чыгарылды. Ал эми учуп кете турган 7 каттам кармалып, экөө токтотулду.
Начар аба ырайына байланыштуу каттамдар кечээ да 11 каттам жокко чыгарылып, төртөө кармалган. Анда көрүү мүмкүнчүлүгү 400 метрди түзүп жатканы айтылган. Белгилей кетсек, учуп-конууну ишке ашыруу үчүн белгиленген норматив 800 метрди түзүшү керек.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом